Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 00:02
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Республикалык штаб: 5G технологияларынын зыяны тууралуу маалымат - фейк

06.07.2020 16:07
1132
Республикалык штаб: 5G технологияларынын зыяны тууралуу маалымат - фейк

5G жабдууларын пайдаланууда ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу эч кандай далилденген тобокелчиликтер жок. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. 


Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата 5G технологиялары Кыргыз Республикасынын аймагында киргизиле элек. Байланыш операторлору КР МТБМК караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксаты жок 5G тармагынын жабдууларын орнотууга жана ишке берүүгө укугу жок. Учурда мындай уруксаттар берилген эмес.


"5G тармагын киргизүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү 2020-жылдын башында карала баштаган. Белгилей кетчү жагдай, 5G жабдууларын пайдаланууда ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу эч кандай далилденген тобокелчиликтер жок", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн