Ошентип бүгүн 3-февралда жаңы өкмөттүн курамы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланганы турат. Буга чейин 1-февралда парламенттеги көпчүлүк коалициясы, 2-февралда парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды. Эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны бекитип берсе эле жаңы өкмөт өз ишин баштайт.
Бул ирет өкмөттүн курамына 16 талапкер сунушталды. Демек, мурдагы өкмөттөргө салыштырмалуу 6 мүчөгө аз. Мурда төрт вице-премьер-министр болсо, жаңы өкмөттө эки гана вице-премьер. Алардын бири биринчи-вице-премьер-министр болсо, экинчиси экономикалык блок боюнча вице-премьер болуп саналып, ошол эле убакта экономика жана финансы министрлигин да жетектейт. Байкадыңыздар болушу керек, демек мурда үч үлкөн чиновник отурган кресло бирөө гана болуп калды. Вице-премьер-министр, анан дагы экономика өзүнчө, финансы министрлиги өзүнчө эмес беле?
Мурда суу чарба департаменти деген болсо, эми ал Айыл чарба министрлигине кошулду. Транспорт жана жолдор министрлиги эми Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги деп атала турган болду. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине спорт жана жаштар тармагы кошулду. Саламаттыкты сактоо министрлигине социалдык өнүгүү министрлиги бирикти. Мурдагы Башкы штабдын ордуна эми Коргоо министрлиги, Өнөр жай комитетинин ордуна Энергетика жана өнөр жай министрлиги түзүлдү. Буга чейин өкмөттүн курамына кирген УКМКга Чек ара кызматы да кошулганы белгилүү.
Айтор, мурдагы министрликтерден, агенттиктерден жана комитеттерден турган 48 мекеменин саны кыскарып, алар 12 министрликке бириктирилери да айтылды.
Ошентип жаңы өкмөттүн курамы 16 мүчөдөн турат. Алардын жарымысы, тактап айтсак сегизи мурда өкмөттүн курамында иштеп келгендер болсо, жарымысы жаңылар. Бул жаңы курам белгилүү болгондон бери «Мен октябрдагы революцияда аянтта жүргөм, анан мен кызматсыз каламбы?» деген сыяктуу кыйкырык салгандар чыкты. 3-4 ай кызматта тура калып, элди унута калгандар эми кайра элден жардам сураганга да үлгүрүштү. Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары да «Революция жүргөндөр кызматсыз калышты» деп жаза башташты.
Эгерде «Революцияга катышкандардын баарына кызмат бериш керек» деген логика менен иш алып бара турган болсок, анда ошол күндөрү Ала-Тоо аянтына чыккан 10 миңге чукул адамдын баарына кызмат бериш керек болот. Эмне алардын ар бирине жаңы министрлик кызмат ордун түзүп бериш керекпи?
Экинчиден, революция деген кайсы бир ууч топтун өмүр бою бакыйган кызматта отурушу үчүн жасалбайт. Революция деген мамлекетти оңдоо үчүн, өнүгүү жолуна салуу үчүн жасалат. Акыйкаттыкты, адилеттикти орнотуп, эл турмушун оңдоого багытталган реформаларды жүргүзүү үчүн революция болот. Революцияга катышкандар да ушуну туура түшүнүүлөрү керек. Революция маалында элдин алдына чыгып кыйкырып жатты эле деген критерий менен кызмат бере берсек, анда эртең бийликте иш жасабай эле кыйкырып отура тургандар болуп калат. Анан дагы эң башкысы революцияны бир ууч топ эмес, эл жасайт. Элдин каалоосу бир ууч топтун кызматта отурушу эмес, артыкбаш кызмат орундарын жоюп, мамлекетти эффективдүү башкарууда. Андыктан жаңы бийликтин жаңыча багыттагы иштөө тартибине «Мен кызматсыз калдым» деп каршы чыкпастан, тескерисинче колдоо көрсөтүп турганыбыз туура болот. Жок дегенде бир жыл убакыт иштөө дараметин байкаш керек. Анан катачылыктар кетип жатса, мурдагыдай эле коррупция гүлдөп баштаса сындап чыгуу милдет болот.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)