Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Режиссёр Далмира Тилепбергеновага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды

19.01.2024 17:40
1761
Режиссёр Далмира Тилепбергеновага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды


Режиссер жана сценарист Далмира Тилепбергеновага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, төш белгини маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өзү тапшырган.

Министр сыйлык ээсине чыгармачылык ийгилик каалап, кино тармагын өнүктүрүү боюнча министрлик тарабынан учурда бир катар маанилүү иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгына токтолду.

Далмира Тилепбергенова учурда жаңы кино жана мультфильмди тартуу боюнча сценарийлердин үстүндө иштеп жаткандыгын маалымдады. Ал буга чейин “Белек”, "Асман алдында" тасмалары менен Азиялык жана эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар алдыңкы сыйлыктарга ээ болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн