Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Рыскелди Момбеков: 200 атчан келе жатат, боз үй тигебиз

05.10.2020 16:39
874
Рыскелди Момбеков: 200 атчан келе жатат, боз үй тигебиз


Токмок, Кант шаарларынан жана Кегети айылынан 200 атчан келе жатат. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын өкүлү Рыскелди Момбеков 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингде билдирди. 


Анын айтымында, алар боз үй тигигөө даярданып жатышат. 


"Биз Украинадагыдай майданды баштайбыз. Өлсөк да ушул жерде болобуз. Азыр бой үй тигип, аягына чейин ушул жерде турабыз", - деди Момбеков. 


Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар тактап айтканда, "Социал Демократтар", "Мекенчил", "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү жана тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Болжол менен борбордук аянтта 3-4 миңдей адам чогулду. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн