Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Россия Кыргызстандагы ар бир облуска жана эки шаарга жаңы мектеп куруп берет

23.01.2023 11:18
253
Россия Кыргызстандагы ар бир облуска жана эки шаарга жаңы мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанда тогуз жаңы мектеп курууну пландоодо. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев  билдирди.


Анын айтымында, ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына  мектеп курулат.


Биринчи этапта Баткен облусунда, Каракол шаарында жана Бишкек шаарында үч мектеп курулат.


"Мектептер эки өлкөнүн билим берүү стандартына ылайык окутулат. Мектептин директорун орус тарап дайындайт, бирок мектептер мыйзамдуу түрдө Кыргызстанга тиешелүү болот. Имараттар 1200 орунга ылайыкталган", — деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн