Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Долбоор колдоо тапты. Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет

01.06.2023 13:34
405
Долбоор колдоо тапты. Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет


Жогорку Кеңештин депутаттары Россия Кыргызстандын жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларына куруп бере турган тогуз мектеп боюнча келишимдин долбоорун үч окуудан колдоп берди.


Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков мектептер Кыргызстан менен Россиянын билим берүү стандарттарына ылайык окутулуп, бүткөндө эки өлкөнүн аттестаттары берилерин билдирди.
Анын айтымында, окутуу акысыз, эки өлкөнүн тең жарандары кабыл алынат, майыптыгы бар балдар үчүн да орундар бөлүнөт.


"Учурда жер тилкелери аныкталды. Мектептер салынгандан кийин Кыргызстандын балансына өтөт. Бир мектепти куруунун болжолдуу баасы 500 миллион рубль. Ал 1200 орунга ылайыкталып, ашканасы, эки бассейни, спорт залы жана мектепке керектелүүчү заманбап шарттары болот. Курулуш Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу банкы тарабынан каржыланат. Инженердик жумуштарды кыргыз тарап киргизип берет", — деди Усеков.


Ошондой эле ал мугалимдердин жарымы Россиядан, жарымы Кыргызстандан жумушка алынарын белгиледи. Ар бир өлкө өзүнүн педагогдоруна маяна төлөйт, бирок баарыныкы бирдей болот. Мисалы, Россиядан келгендер канча айлык алса, кыргызстандыктардыкы да ошого теңдештирилет.


КАткаминер билдиргендей, быйыл Бишкек шаарында, Баткенде жана Караколдо курулуш иштерин баштоо пландалууда. Жыл сайын үчтөн мектеп салынып турат. Биринчи үч мектеп 2025-жылы ишке киргизилет. Тогуз мектептин баары бирдей стандарт менен курулат. Ар бирине кеминде үч гектардан жер бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн