Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россияда депутаттыкка аттанган Кубанычбек Кожоев токтогулдук мекендештер менен жолугушту

25.05.2021 16:52
1593
Россияда депутаттыкка аттанган Кубанычбек Кожоев токтогулдук мекендештер менен жолугушту


Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттыгына талапкер кыргыз улутунун өкүлү Кубанычбек Кожоев Москвадагы Токтогул коому, айыл өкмөттөрүнүн лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 


"Жаш болсо да арканды алыска таштаган коом жетекчиси Алишер Кудайбергенов жана акылман сөзү бар аксакалдары чогулуп, Россияда жашаган элибиздин, миңдеген жаштарыбыздын келечеги, карьерасы, тоолор арасында калган айылдарыбызды өнүктүрүү жөнүндө кызуу талкуу жүргүздүк. 


Албетте, Россиянын МамДумасына шайлоого даярдык, мекендештердин колдоосу тууралуу да суроолор берилди. Токтогулдун Бел-Алды, Жаңы-Жол, Кызыл-Өзгөрүш, Ничке-Сай, Кетмен-Дөбө, Сары-Камыш, Үч-Терек, Аралбаев, А. Сүйөркулов, Чолпон-Ата аймактарынын өкүлдөрү Жалпы россиялык “Кыргыз конгресси” жамаатынын жетишкендиктерин, Россиядагы эң күчтүү “Единая Россия” партиясы менен бирге МамДумага жасап жаткан кадамдарыбызды кызуу кубатташты, РФ жарандыгы бар бардык жердештерге маалымат жеткирерин айтып кетишти. 


Миграцияда жүрүп, жашоонун сырын терең түшүнгөн, патриоттук сезимдери курч элибизди көрүп, көңүлүм жылыды. Буюруса, Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот! Бар болгула мекендештерим!",- деп жазган депутаттыкка талапкер.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн