Россия Федерациясынын аймагында расмий түрдө каттоодон өткөн 650 миң кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда Россияга барган жарандар бир жолу медициналык текшерүүдөн өтөт.
"Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында расмий каттоодон өткөн кыргыз жаранынын саны 650 миңди түзөт. Ал эми каттоодон өтпөгөндөрдүн саны 72 миңди түзөт",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн