Россияда жол кырсыгынан каза болгондордун денеси эртең Кыргызстанга алып келиниши күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, мекендештерибизди алып келе турган жүк ташуучу учак менен макулдашуу түзүлдү.
"Эртең саат 13:00дө Ульяновск областынын аэропортунан жүк ташуучу учак мекендештерибиздин денесин Ош шаарынын аэропортуна алып келет. Учуу убактысы 3 саатты түзөт. Саат айырмасы менен кечки саат 18:00дө Ошко келиши күтүлүүдө.
Андан ары бардык аракеттер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылат. Бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен төлөнөт",- деди Ажикеев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн