Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Россиядагы кыргыз кыздарына зомбулук көрсөтүүгө чакыргандардын өздүгү такталды

23.07.2020 10:31
1054
Россиядагы кыргыз кыздарына зомбулук көрсөтүүгө чакыргандардын өздүгү такталды


Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын кыздарына карата зомбулук көрсөтүүгө чакырган адамдардын өздүгүн тактады, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда социалдык тармактарда Россияга иштегени барган Кыргызстандын жаш адамдар тобу чет өлкөлүктөр менен жолугуп жүргөн Москвадагы кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео кайрылуусу тараган. Аталган видео кайрылуу коомдук резонанс жараткан.


Кыргызстандык жарандар тарабынан укукка каршы аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу максатында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине маалымдаган. Биргеликте көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө укукка каршы аракеттерге чакырган адамдардын өзүгү такталып, алар Чүй облусунун тургундары 1992-жылы туулган Б.Б. менен 1996-жылы туулган А.А. болуп чыккан.


“Жогоруда аты аталган жарандар ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнө чакырылып, аларга түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү жүргүзүлүп, такталбаган жана укукка каршы маалыматтарды таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча эскертүүлөр берилди”, - деп маалымдады министрлик.


Андан сырткары, кыргыз диаспоралардын жетекчилиги менен жолугуп, мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу мекендештер тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге каршы аракеттерди болтурбоо боюнча маселелер талкууланды.


Тема боюнча:  Москвада чет өлкөлүктөр менен жолугуп жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакыргандар иликтенүүдө


ИИМ Россиядагы кыргыз-тажик жарандарынын массалык мушташы тууралуу маалымат берди

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн