Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги дипломатиялык өкүлчүлүк көрсөткөн консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтар тууралуу жарандарды маалымдоону жогорулатуу максатында «Консул маалымдайт» долбоору ишке киргизди.
Россиядагы элчилик маалымдагандай, бул долбоор аркылуу жарандарга Элчиликтин расмий сайтында, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылуучу ар кандай консулдук маселелер боюнча түшүндүрмөлөр камтылган видеоматериалдар сунушталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн