Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Россиядан келген кыргызстандык дарыгерлер кайсы жерде иштери айтылды

06.07.2020 10:10
1316
Россиядан келген кыргызстандык дарыгерлер кайсы жерде иштери айтылды


Москва шаарынан келген кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкек шаарындагы госпиталда иштешет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.


Анын айтымында, борбор калаада медицина кызматкерлерине болгон муктаждык бар.


“106 медицина кызматкери аймактардан Бишкекке келип жардам берүүдө. Россияда эмгектенген кыргызстандык  23 дарыгер келди. Бүгүн Улуттук госпиталда жаңы блок ачылууда, алар ошол жакта иштейт. Учурда дарыгерлердин 30 пайыздан ашыгы ооруп жатат же болбосо ооругандар менен байланышта болгон. Мындан улам ак халатчандарга болгон муктаждык бар”, - деди Каратаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн