Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Чүй облусундагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунун "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келиген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды.
Натыйжада "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк Россияга кайра артка кайтарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн