Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:02
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Россиядан пошлинасыз күйүүчү май ташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт

08.09.2021 18:01
954
Россиядан пошлинасыз күйүүчү май ташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт

Кыргызстандын министрлер кабинети экспорттук пошлинасыз берилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Эске салсак, 3-сентябрда Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун продукцияларына экспорттук бажы алымынын колдонулушуна байланыштуу бензиндин литри 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн деген божомолун айткан.


Энергетика министрлиги белгилегендей, өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстанга 460 миң тонна пошлинасыз бензин алынат. Азыркы тапта 398 миң тоннасы алып келинип, дагы 62 миңи калган.

Учурда берилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Муну менен катар министрлик бензиндин наркы бир катар кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда арзан экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн