Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Россияга барган депутаттардын иш сапары Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды

25.04.2023 17:07
342
Россияга барган депутаттардын иш сапары Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы расмий иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанында орун алган Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.


Төрага делегация мүчөлөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.


Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.


Жолугушууларга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышары күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн