Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды

01.05.2020 08:39
1012
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды


Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинге коронавирус жукканы аныкталды. Бул тууралуу Мишустин бейшемби күнү «Россия 24» телеканалынын эфиринде айтты.



Маалыматка ылайык, мындан улам өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи-вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлгөн.  Мишустин башкалардан обочодо болуп, ошол эле кезде өкмөт мүчөлөрү менен байланышта экенин билдирди. Мишустин россиялыктарга кайрылып, өлкөдө киргизилген чектөөлөргө олуттуу кароого чакырды.


Соңку маалыматтар боюнча Россияда коронавирус 106 498 миң кишиге жуккан. Илдеттен 1073 адам каза болуп, 11 619 киши айыгып чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн