Бугу 01, 2024
Убакыт: 02:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Руслан Бекназаров: Муфтийди шайлоо эркин өтпөйт (маек)

23.03.2021 07:54
1560
Руслан Бекназаров: Муфтийди шайлоо эркин өтпөйт (маек)


Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийин шайлоого аз убакыт калды, улам жакындаган сайын муфтийди тандоо саясатташып бараткандай. “Акча бар жерде интрига, кызыкчылык бар”, деген коомдук ишмер Руслан Бекназаров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп, муфтийлик кызматка эркин тандоо болбойт деген пикирин айтты. 

- Муфтийди шайлай турган Уламалар кеңешине бийлик кийлигишип жатат, деген сөздөр айтылууда. Сиз кандай ойлойсуз, чын эле саясатташып кеттиби?


- Муфтийди тандап алуу ар дайым саясатташып келген жана саясатташа берет. Мамлекет тарабынан да аралашып келишкен. Кыргыз эли мусулман калк болгондон кийин Муфтиятты мамлекеттик орган катары кабыл алып, мамлекет тарабынан каржылоого алыш керек болчу. Азыр алар бейөкмөт уюм сыяктуу эле иш алып барып жатышат, өз чарбасы өзүндө болуп. Ажылык сапарды уюштуруу бүгүнкү күндө Муфтиятта экенин баарыбыз билебиз. Акча бар жерде сөзсүз туура эмес кызыкчылыктар болот экен, ошондуктан мусулмандарга ар кандай сөз тийип калып жатат.  Ал эми муфтийди шайлоо эч кимге жашыруун эмес - мамлекет тарабынан, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан аралашуу болот. Бул болуп келген жана азыр да болуп жатат. 


- Муфтиятта мындай жагдайлар орун албашы үчүн эмне кылуу керек анда?


- Ажылык сапарды уюштуруу иштерин жеке фирмаларга өткөрүп берсек жакшы болмок. Себеби, бардык мусулман өлкөлөрүндө ошондой. Акча бар жерде сөзсүз интрига болот экен. Анан албетте Дин башкармалыгын мамлекеттин бир бутагы катары өзүнө алса туура болмок.


- Бизде муфтийлер жакшы келишет, бирок өкүнүчтүү кетишет? Муфтий кандай инсан болушу керек. Кандай талаптарга жооп берсе деп ойлойсуз? Азыркы талапкерлердин ичинен татыктуусу барбы?


- Диний көз караш менен карай турган болсок, бизде татыктуулар көп. Бирок диний аалымдардын, эл арасында абройлуу динаятчылардын, диний билими бар адамдардын талапкер болушун каалабайт элем. Муфтий болгон адам сөзсүз жаманатты болуп кетишет, мен алардын андай болушун каалабайм.


- Татыктуусун издегенде кандай критерий болуш керек?


- Уюштургуч, менеджер катары ишти алдыга жылдыра алган, иш билги адамдар болсо жакшы болмок. Мисалы, Чубак ажы Жалилов кандай абройлуу, билимдүү аалым эле? Муфтий болгондо кандай жаманатты кылып кетиришти убагында. Максат ажы Токтомушев кандай сөзгө калды? Ошондой эле Абдышүкүр Нарматовдун талапкер болушун туура көргөндөр арбын болду. Бирок мен андай кишилердин барышын каалабайт элем. Элди ынтымакка чакырган, бардыгына тегиз караган, калыс киши барса деп ойлойм. Азыркы 8 талапкердин ичинен татыктуусу көп эле, бирок бирөөнүн атап көрсөтүү азырынча кыйын.


- Муфтийди шайлоону уюштуруу комиссиясы кандай иштеп жатат? Ачык шайлоо өткөрүүнү камсыздап бере алат деп ишенсе болобу?


- Жок. Таза шайлоо өтөт деп мен ишене албайм. Жогору жактан макулдашып туруп, Уламалар кеңешине бир талапкердин атын билдирип “сигнал” берип коёт. Ошол адамды шайлап коюшат. Өз алдынча эч ким тандай албайт. Өзүбүз эркин шайлайбыз деген болбогон нерсе. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн