Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Шабдан Сулайманов, акын: “Кайдыгер жандар – силер талаадагы каңкайган өлүксүңөр!”

06.09.2023 09:35
2074
Шабдан Сулайманов, акын: “Кайдыгер жандар – силер талаадагы каңкайган өлүксүңөр!”


Акын Шабдан Сулайманов 1972-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында туулган. 1995-жылы КМУУнун кыргыз тили жана адабияты факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Учурда Талды-Булак айылында жашап, мал чарбачылык менен алектенет. Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы. Айылда эле туруп, чыныгы поэзиядан ооз тийгизип, коомдук саясый турмушубузга да кайдыгер карабай, калыстыкты как жарган сөзүн аябаган акын менен азыноолак маек курдук.


- Айылда жашап эле сонун ырларды жаратып, жалпы элге таанымалсыз. Канча ыр жыйнактын авторусуз? Жаңы ырларыңыз жаралып жатабы?


- Жакшы пикириңизге рахмат. Тилекке каршы, бир дагы ыр жыйнагым чыга элек. “Чыгарып берем” дегендер деле, өз шартым дагы болду, бирок эмнегедир китеп чыгарууга жандалбас кылган жокмун. Анүстүнө азыркы интернет заманында китеп чыгарбай деле элге таанымал болууга жана чыгармаларыңды окурманга жеткизгенге толук мүмкүнчүлүк бар. Мен өзүм кээ бир жазмакерлердей болуп күйүп-жанып эле ыр жазып отурбайм. Абдан аз жазам. Айылда күнүмдүк тиричилик да колду байлайт. Ошентсе дагы көкүрөккө бир нерсе келе калганда жаңы ырларды жаратып калам.


- “Акынга тагдыр керек” дешет, өз тагдыр үзүмдөрүңүздөн ырлар жаратасызбы?


- Ар бир адамда тагдыр бар. Жашоо жипке тизген шурудай эле ар дайым тептегиз турбайт. Турмуштун кубанычы, кайгысы, сүйүүсү, күйүүсү, сагынычы, кусалыгы, ызалыгы, өксүгү, айрылуусу, кайрылуусу бар. Анан албетте, чыгармачылыкта тагдырдын үзүмдөрү сөзсүз болот. Бирок мен дагы деле ырларымда өзүмдү толук ачып бере элекмин деп ойлойм.


- Акындар кооздукту, сулуулукту жактырышат эмеспи. Чыгармачылыгыңызда жаратылыш менен сулуу кыздардын орду кандай?


- Сулуулукту, кооздукту кимдер гана жактырбасын?! “Сулуулук дүйнөнү сактайт” деген сөзгө толук кошулам. Сулуулук дегенде бир гана тышкы сулуулукту түшүнбөш керек. Ички дүйнөсү сулуу адам эч кимге жамандык жасабайт, кара санабайт, көңүл калтырбайт. Жаратылыштын сулуулугу менен сулуу кыздарды мен абдан окшоштурам. Анткени экөө тең чыгармачыл адамга шык, дем, ышкы, эргүү берет. Мен бирок сүйүүгө өтө туруктуу адаммын. Сулуу кыз көрсөм эле чабылып-чачылып, “өлдүм-талдым” деп арноо ырларын жаза бербейм. Чындап сүйүп калган болсом гана жүрөгүмдөн чыныгы аруу, арзуу ырлары чыгышы мүмкүн? Ооба, учурунда мен дагы кагылып-согулуп, ыйлап-сыктап эчен ашыктык каттарын, махабат ырларын жазгам. Анын күнөөкөрү менин жубайым. 


- Саясат, коомдогу көйгөйлөрдөн да алыс эмессиз. Өлкөнүн бүгүнкү абалына кандай ойдосуз?


- “Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет" деген жакшы кеп бар. Анан Маркс аксакалбы, же Ленин атабыз беле, айтканы бар: “Коомдо жашап туруп, андан тышкары болууга мүмкүн эмес” деп. Таамай кеп. Анын сыңарындай, канчалык саясаттан алыс болоюн десең деле, "кулак укса курсак кайнайт" демекчи, аргасыз аралашууга туура келет. Анткени өлкөнүн келечеги, мекендин эртеңки тагдыры кыргыздын жараны, уулу катары мени да түйшөлтөт. Тээ атам замандан бери эле хан-бектерге сын айткан, эл менен бийликти эпке келтирген ак таңдай акындар, тилинде мээри бар жамакчылар, санжырачылар, элчилер болгон да. Ошол нарктуулук, салттуулук, баалуулук бүгүн жоголуп бараткандай. Азыр бийлик менен элдин ортосунда ажырым абдан чоңойду. Бизде бийликке келген адам элге кызмат кылайын деп эмес, элди башкарам деген түркөй түшүнүктү мээлерине куюп алган. Бийликтин эл менен эсептешпегени – анын алсыздыгын гана айгинелейт. Кыргыз мамлекетине тийешелүү болгон (жер, суу, чек ара, кен байлык ж.б.) маселенин баарын бир киши эмес, жалпы эл чечиши керек. Анткени мамлекет деген бул – жалпы эл.


Көл эне                                                                            



Уккула! Уккулачы эй! 

Укмуштай "кыйын" жандар.

"Уйт" деген буйрук келсе,

Уңулдап чөө-бөрүдөй жыйылгандар.

Килейтип курсактарын, 

Кийе албай батиңкесин ыйынгандар.

Акыйкат, Кудайдан да бийик коюп,

Адамдын керт башына сыйынгандар!


А силер бу дүйнөдө,

Абийирден такыр жоктой эч кабары,

Ардан да, намыстан да кеч жаралып,

Түбөлүк хан-бектерди колдош үчүн,

Түлкүдөй жойлош үчүн,

Жыландай сойлош үчүн келипсиңер.

Жалпайган таш жатса да,

Жабыла жалаганга көнүпсүңөр.

Катуу айтсам кечиргиле,

Кайдыгер жандар силер талаадагы

Каңкайган өлүксүңөр!


Кош жүздүү, калың беттүү,

Кошомат кылып жүрүп өтөм деген.

Текебер жандар келсе тегеренип,

Телибай болосуңар тепеңдеген.

Максатың, тилегиң да жалгыз бирөө

Мансапка же кызматка жетем деген. 

Силерге ыйык эмес ата конуш,

Силерге жөн гана сөз "мекен" деген.


Кайдыгер силер үчүн...

Каркыраң ай-талаага учуп кеткен...

Үзүлүп тогоосунан,

Үзөңгүң буттан тайып түшүп кеткен...

Сумсаят кампа сарай жетимдердей,

Сууларын бөтөн жандар ичип кеткен...

Элеңдеп турат азыр көл энебиз,

Элинен үмүт кылып,

Эмчеги шишип кеткен...


Көл эне, көл энем ай көлкүлдөгөн,

Көздөрү мөлтүлдөгөн.

Көйкөлгөн жарыктыгым,

Көөдөнгө кысып алып кыз-уулуңду,

Көтөрүп туруң бүгүн тарых муңун...


Азыр сен ыйламсырап,

Армандуу, аялуусуң,

Ак куудай жаралуусуң.

Арданып өлгүм келди ушунчалык...

Айтууга сөз калбады...

Созулган кагылайын ыйык эне.

Сом үчүн болор-болбос,

Соодалап жатат сени өз балдарың...


***

Урааны Манас болгон көчмөн кыргыз,

Улардын үнүн угуп өскөн кыргыз.

Өзөгү тоолор менен тең жаралып,

Өзү эле өз киндигин кескен кыргыз.


Кадыры кара нандан бийик турган,

Каадасын каруусундай түйүп турган.

Кыйындык түшкөн кезде бир жарыгы,

Кырк үйдүн түндүгүнөн тийип турган.


Бакырга, жакырга да ашы белен,

Барктаган баба наркын асыл элең.

Бар эле мырзаларың көөдөнүнө,

Батырган ээр токумду аты менен.


Балпайган пейил күтүп, кенебеген,

Бапестеп ыйык атты "эне" деген.

Бар эле айымдарың байсал мүнөз,

Бакытты байлык менен ченебеген.


Жок эле жолоюңда жасалмалык,

Жол таппай кеттиң неге кашаңданып.

Түйдөктөй бир түйүлүп, кайсы күнү,

Түшөсүң өз нугуңа качан барып?!


Аңызды баскан өңдүү кара туман,

Арылбай кайдыгерлик жараатынан.

Дүңгүрөп аш-тоюбуз өткөн менен,

Дүйнөбүз ташбоор болуп барат улам.


Түгөнүп турса бирөө араң жылып,

Түлкүдөй бирөө жашайт амал кылып.

Жүгүрүп турган менен көроокатың,

Жүрөктү каптап барат караңгылык.


Бирөөсү дөөрүп жүрөт "Кудаймын" деп,

Бирөөсү жөөлүп жүрөт "ылаймын" деп.

Кыр жактан кыйкырган бир жан көрүнбөйт,

"Кыргыздын кыргыздыгын улаймын" деп.


Калдайган калың кыргыз бөлөк болдук,

Калбырдан жасалган бир элек болдук.

Бийикте туу сыяктуу мелтилдебей,

Бирөөгө желпилдеген желек болдук.


Жалган сөз жанып турат шумдук бүгүн,

Жарыбас акча берсе сындык бүгүн.

Көпөстөр көз көрүнөө алдап турса,

Көтөрүш кыйын экен чындык жүгүн.


Жетишет сатылганың, төлөнгөнүң,

Жеңиш шол, карыз болбой жөн өлгөнүң.

Чыкчы бир курчап турган кул сезимден,

Чын болсо кыргыз болуп төрөлгөнүң!


Боз-Айгырдын боз бороон


Боз-Айгырдын боз бороону ыркырап,

Боздогондо ботодой бир буркурап.

Бу дүйнөдө жалгыз өзүм калгансып,

Буулугамын жазылбаган ыр сымак.


Кара талдын карт бутагын жапырып,

Карды кардай, чаңды чаңдай сапырып.

Жаалы күчөп, жанын сабап келгенде,

Жашынчу жер таппай турат макулук.


Бороон! Бороон! Сен качанкы боз бороон.

Бойго жеткен ашыктарга дос бороон.

Урпак келсе кубанычтан удургуп,

Узаганда уңшуп ыйлап коштогон.


Сен экөөбүз бир көчөгө түшүп эй,

Сен экөөбүз чүкө ойночук үшүбөй.

Караңгыда жан-жагымдан ышкырып,

Кадимкидей караан элең кишидей.


Сен экөөбүз коюн-колтук алышып,

Сен экөөбүз ат жалында жарышып.

Үзүлчүдөй эс-акылдан кыз сүйдүк,

Үстүбүздөн бурганактап кар учуп.


Чогуу бастык тобокелдеп дарчыдай,

Чогуу актык чоң турмушка тамчыдай.

Ынак досум бирок бүгүн негедир,

Ыркырайсың мени жутуп алчудай.


Албууттанбай токто бороон, токтогун,

Ал кездеги апам тиккен жок тонум.

Жылас болуп өткүр кезим, өрт кезим,

Жылуулукту самап калган окшодум.


Боройлоп да, борошолоп жыл чубап,

Бороон! Бороон! Токтоор эмес бул чунак.

Боз-Айгырды ашып кетип баратат,

Бороондогон кайран гана курч убак.


Жамиля Нурманбетова 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн