Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шакиев Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

23.12.2022 15:18
347
Шакиев Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетине барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.


Алгач мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын камтыган китепче ай сайын чыгарылып турары айтылды.


Комитеттин жамааты менен жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоодо жана көйгөйлөр менен жетишкендиктерди тактоодо статистикалык маалыматтар зарыл экенин белгилеп: “Андыктан саат жебесиндей, тынымсыз иштеген мекеменин кызматкерлеринин иши мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү. Мына ушундай ары татаал, ары жоопкерчиликтүү милдетти аркалаган адистерге да татыктуу көңүл бурулушу кажет. Себеби, мекемеде жумуштун оор экенине карабай, айлык маяналардын аз экени белгилүү. Натыйжада жаш кадрлардын тармакка аз тартылып жатканы да жашыруун эмес”,– деди.


Буга байланыштуу комитеттин кызматкерлери менен баарлашып, көйгөйлөрүн жеринде көрүү үчүн келгенин айткан Нурланбек Шакиев: “Айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, Жогорку Кеңеште көтөрүбүз жана өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөбүз”, – деп кошумчалады. 


Муну менен катар өлкө ичинде эле эмес, Кыргызстанга кызыккан дүйнө эли да Улуттук статистика комитетинин сайтына баш багаарын белгилеп: “Азыркы ааламдашкан доордо маалымат эң кымбат нерсе. Андыктан баалуу маалыматтардын булагы саналган мекеменин ишин алдыга жылдырышыбыз зарыл. Айрыкча имаратын жаңылап, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды жакшыртуу учур талабы”, – деди. 


Андан тышкары, Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн Улуттук статистика комитетинин жамаатына ыраазычылык билдирди. Жолугушуудан соң мекеменин китепканасын жана иш бөлмөлөрүн көрүп чыкты.


Кошумчалай кетсек, Улуттук статистика комитетине Төрага менен бирге орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Талайбек Масабиров, Данияр Төлөнов барды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн