Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Шакиев айыл чарба продукциясын чек арадан өткөрүүдө тоскоолдук жаратылбашын талап кылды

14.04.2023 10:14
416
Шакиев айыл чарба продукциясын чек арадан өткөрүүдө тоскоолдук жаратылбашын талап кылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.


ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу КМШ ПААнын жыйындарына катышуунун алкагында Санкт-Петербург шаарында өттү.


Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган жолугушууда эки тараптуу байланыштарды арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.


Төрага Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Мажилисине депутаттарды шайлоо өнөктүгүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, добуш берүүнүн жүрүшүнө Жогорку Кеңештин депутаттары да байкоочу катары катышканын эске салды.


Ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгы тууралуу кеп кылган төрага: “Эзелтен канатташ жашаган эки элдин боордоштук, жакын коңшулук мамилесин арттыруу аркылуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Биз саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара ишенимге негизделген алакаларды чыңдоого ар дайым кызыкдарбыз”, – деди.


Мындан тышкары, Казакстандын сенатынын төрагасы менен акыркы алты ай ичинде төртүнчү жолу жолугушуп жатканын айткан Нурланбек Шакиев эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн ушундай баарлашуулар байма-бай өтүп турушу керектигин белгиледи.


Анын ичинен Маулен Ашимбаевдин Бишкектеги расмий сапары учурунда Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулганын айткан Нурланбек Шакиев бул жааттагы сүйлөшүүлөр жакшы чечилерине үмүт артарын кошумчалады.


Андан сырткары Түркестан шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттеринин төрагаларынын алгачкы жолугушуусу да чөлкөмдөгү алакаларды арттырууга оң таасир бергенин белгилеп: "Анда көтөрүлгөн демилгелердин бардыгы ийгиликтүү ишке ашат деген ишеничтемин", - деди төрага.


Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык маселелер да талкууланып, бир катар сунуштар айтылды.


Айрыкча Жогорку Кеңештин төрагасы буга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө жайларында орун алган тоскоолдуктарды мындан ары болтурбоо маселесине көңүл буруп: "Жакынкы аралыкта жер-жемиштерди экспорттоо иши жанданат. Андыктан, чек арадагы тоскоолдуктар товарлардын эркин жүрүүсүнө, айрыкча тез бузулуучу азык-түлүктөрдүн экспортуна терс таасирин тийгизбеши керек", - деди.


Өз кезегинде Маулен Ашимбаев мурдагы жолугушууларды каралган маселелердин үстүндө жасалып жаткан иштер тууралуу кеп кылып, кыргызстандык мигранттардын укуктук абалына байланышкан жагдай оң багытта чечилерине ишенерин билдирди.


Ошондой эле эки өлкө ортосунда макулдашылган долбоорлор, анын ичинен Чолпон-Ата-Алматы автожолунун курулушу Казакстан үчүн да маанилүү экенине токтолуп, чек арадагы жагдай боюнча айтылган сунушту өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады.


Муну менен катар кыргыз элинин эле эмес, жалпы адамзаттын Айтматову аталган улуу калемгердин 95 жылдык маарекесине карата Бишкек шаарында уюштурулган кыргыз-казак интеллигенция өкүлдөрүнүн форуму жогорку деңгээлде өткөнүн эске салып, кезектеги форумду Казакстанда уюштуруу демилгесин көтөрдү.


Мындан тышкары, Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн