Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Шакиев баштаган депутаттар KOICA'нын жетекчиси менен жолугушту

22.02.2023 17:19
234
Шакиев баштаган депутаттар KOICA'нын жетекчиси менен жолугушту

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президентинин милдетин аткаруучу Ли Юн Ёнг менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга парламенттик делегациянын мүчөлөрү Нурбек Сыдыгалиев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов, Алишер Эрбаев жана Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова катышты.

Нурланбек Шакиев эки өлкөнүн алакасын арттырууда Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин салымы чоң экенин белгиледи.

“Агенттиктин колдоосу менен электрондук өкмөттү түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган “Түндүк” долбоору, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүгө арналган “Менин айылым” аймактык өнүктүрүү өнөктүгү ийгиликтүү ишке ашты. Андан тышкары, тиешелүү программанын негизинде Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде эмгектенген жүздөгөн кызматкерлер Кореяда тажрыйбадан өтүп, билим алышууда”, - деди ал.

Шакиев KOICA тарабынан бардык багыттар боюнча системалуу жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтып, анын ичинен Кыргызстандын шайлоо системасын жакшыртуу жана Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо жаатындагы долбоорлорго токтолду.

“Андыктан Кореяга жана Эл аралык кызматташтык агенттигине ыраазычылыгымды айтып, калыптанган тыгыз алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигибизди билдирем”, - деген төрага 2024-жылга карата жашыл экономика, экология, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана коопсуздук тармактарына тиешелүү дагы 34 долбоор боюнча кызматташуу сунушталганын белгиледи.

Алсак, 1991-2021-жылдар аралыгында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу Кыргызстанга 55 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Ал эми 2022-жылы жалпы суммасы 48,8 млн долларлык долбоорлор каржыланган.

Өз кезегинде Ли Юн Ёнг агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, 2021-жылы Кыргызстан Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргенин эске салды.

“Ага ылайык, KOICA бардык багыттар боюнча алакаларды арттырууга жана керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр”, - деди Ли Юн Ёнг.

Жолугушуу соңунда Жогорку Кеңешти санариптештирүүгө багытталган долбоор боюнча протоколдук макулдашууга кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн