Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шакиев фракция лидерлери менен мыйзамдын аткарылышын талкуулады

25.10.2022 11:54
327
Шакиев фракция лидерлери менен мыйзамдын аткарылышын талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.


Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин илгерилетүү маселеси айтылды.


Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар эл өкүлү катары калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилишин жана тийиштүү мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп: “Андыктан тармактык комитеттердин жана фракциялардын алкагында бардык маселелер кеңири талкууланышы кажет. Бул үчүн депутаттарды комитеттерге бөлүштүрүүдө тармакка тиешелүү тажрыйбасын эске алуу шарт”, – деди.


Ошондой эле фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын ишин да күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” фракциялары жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топтору иш алып барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн