Административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө Шамалды-Сай райондук маанидеги шаарга айланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.
Кошумчалай кетсек, анын айтымында, административдик-аймактык реформанын учурунда Жалал-Абад облусунда 67 айыл аймактын ордуна 37 айыл аймак болот.
Чиновник кошумчалагандай, жакынкы айылдардын кошулушуна байланыштуу Жалал-Абаддын аймагы көбөйөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн