Бүгүн, 10-январда Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жакынкы эки, үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.
Мындан улам, ӨКМ жарандыды сак болууга чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн