Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал жүрөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
"КР Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Сак болуңуздар!",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн