Күтүлүп жаткан аба-ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-22-август күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 20...25⁰, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4...9⁰, күндүз 18...23⁰.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12...17⁰, күндүз 24...29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26⁰.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰.
Ысык-Көл облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 6...11⁰, күндүз 18...23⁰.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7⁰, күндүз 19...24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6⁰, күндүз 10...15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7⁰, күндүз 3...8⁰ка чейин төмөндөйт.
Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорнуда кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн