Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.


 Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 2021-жылдын 4-5-ноябрында түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 



4-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15° суук болот. 


Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн