Бугу 09, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын урматына сый тамак уюштурду (ФОТО)

12.03.2021 10:23
975
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын урматына сый тамак уюштурду (ФОТО)

Ташкентте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын урматына расмий кабыл алуу болду. Иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы жарыялады.

Расмий кабыл алуу иш-чарасына эки мамлекеттин делегация мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Салтанат биргеликте сүрөткө түшүү менен коштолуп, баарлашуу мыкты маанайда өткөндүгү айтылат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик визит менен жүрөт. Кечээ, 11-мартта эки мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 20дан ашуун документке кол коюлду.

Бул Садыр Жапаровдун үчүнчү чет элдик сапары. Буга чейин өлкө башчысы Россияга жумушчу сапары менен, ал эси Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Камальдин
Эн сонун жолугушуу болуптур коруп айабай кубандым.