Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жасаган жарандын видеосун милиция текшерүүдө

18.08.2023 14:56
307
Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жасаган жарандын видеосун милиция текшерүүдө


Ош шаарынын тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге видео кайрылуу жазып, анда коңшу мамлекеттин башчысын келип жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угууну суранган. Бул тууралуу видео ТikТоk социалдык тармагында тараган.


Милиция кызматкерлери кайрылуунун автору Амир-Тимур кичи районунун 60 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. "Жарыялангандан кийин аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып, видео кайрылууга түрткөн себептерди суралды. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте видеодо айтылган фактылар текшерилип жатат", - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  басма сөз кызматы.


"Мындан тышкары, кайрылуунун мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кайрылуунун мазмунуна юридикалык баа берилет", - деп кошумчалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн