Шайлоо босогосу минимум болушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев шайлоо мыйзамдары талкууланып жаткан тегерек столдо билдирди.
Анын пикиринде, 4-октябрда өткөн шайлоодо эл эркин добуш бере алган жок.
"Бийлик лигитимдүү болуш үчүн эркин шайлоо болуш керек. Узурпация деген бул - күч колдонуу, башка мыйзамсыз жолдор менен бийликти же кимдир бирөөнүн укугун ээлеп алуу. Сооронбай Жээнбеков бийликти мыйзамсыз ээлеп алууга аракет кылды. 4-октябрдагы шайлоодо добушту массалык сатып алуу, криминалдык жана административдик ресурсту колдонуу болду. Ушундай мыйзамсыздык кайталанбаш үчүн эркин шайлоону камсыз кылуу керек. Ага бир гана БШК эмес, бардык мамлекеттик кызматтар - милиция, сот, УКМК жана жарандык коом дагы активдүү катышышы керек", - деди депутат.
Ошондой эле, ал парламентке жаңы партиялар келиши керектигин белгиледи.
"Шайлоо босогосун 3 же 1 пайызга түшүрүп, анча-мынча күчү жана колдоосу бар партиялардын жана коомдук уюмдардын парламентке келишине шарт түзүшүбүз керек. Эл аралык уюмдар дагы 3 же 1 пайыздык босогону сунуштап жатышат. Шайлоо күрөөсүн дагы төмөндөтүшүбүз зарыл. Бүгүнкү жаңы бийлик эски бийликтин катасын кетирбей, бул мыйзамды колдоп бериши керек", - деди Текебаев.
Пикирлер (1)