Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 00:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Шайлоо таймашы... Тайторуну чабышы же Абыке, Көбөштүн жан далбасы

14.09.2021 15:17
2048
Шайлоо таймашы... Тайторуну чабышы же Абыке, Көбөштүн жан далбасы


Бүгүн кытайлык кыргыз манасчы Асаналы инибиздин айтуусундагы Каныкейдин Тайторуну чабышын уктум. Бул эпизод Манас эпосундагы окуялардын эң күчтүүсү, керек болсо туу чокусу саналат. Саякбайдын айтуусунда да Тайторунун чабышын улам-улам уга бергим келет. Бул жөн гана катардагы ат чабыш эмес. Бул Абыке, Көбөш баштаган алты арам тарабынан таланып-тонолгон, чачылган кыргыздын келечегине карата качкындагы Каныкейдин төлгөсү. Мында Тайторунун 643 аргымактын арасынан марага биринчи чыгып келиши чачылган, азган-тозгон, тонолгон, туңгуюкка кептелип айласы кеткен кыргыздын тагдырына өзгөчө таасир этээри, 12 жашар Семетейдин келечеги, анын атасынын жолун улантаары, кыргыздын тагдыры төлгөгө коюлган.


Эмнегедир манасчынын айтканын угуп жатып, алдыдагы шайлоону эстедим. Шайлоодо Абыке, Көбөш сыяктуу арамдар жеңишке жетеби же Семетейдей чачылганды жыйнаган, талап-тоноодон арылткан, өлкөнү туура жолго багыттаган жаңы муундун жаш өкүлдөрү келеби? - деген суроо мээмди ээлеп алды.


Үйгө келгенден кийин да Саякбайдын айтуусундагы Тайторунун чабылышын кайта-кайта угуп отурдум. Кулагымда Тайторунун марага жакындаган дүбүртү жаңырып, тилегимде жаңы муундун шайлоодогу жеңиши ишеним арттырып жатты.



Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн