Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин шайлоо округунан талапкер Максат Кунакунов УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтымында, сурак шайлоо тууралуу болгон.
"Жөн эле маектешүү болуп, "шайлоодо эмне жаккан жок?" деген суроолорду берди. Мен болгонун-болгондой айтып бердим. Шайлоодогу финансылык маселелерди, каяктан каражат алганымды, кандай коротконумду сурашты. "БШКнын алдына эмне маселе менен чыктыңыз?" деген да суроо болду. Мен өз укугумду коргоп чыкканымды айттым",- деди Кунакунов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн