Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.
Мыйзам долбооруна добуш берүүгө катталган 106 депутаттын 99у макул, жетөө каршы болду.
Өткөн жумада бул мыйзам долбоору парламентте талкууланып, бирок добушка коюлган эмес. Депутаттардын басымдуу бөлүгү ага каршы ойлорун айтышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн