Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шайлообек Атазов: Кыргызстандын жарымын диний экстремист кылып таштайсыңарбы?

03.11.2022 15:44
376
Шайлообек Атазов: Кыргызстандын жарымын диний экстремист кылып таштайсыңарбы?

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  диний экстремизге байланыштуу кармалып жаткандардын маселесин көтөрдү.


Атазов бирөөгө диний экстремист деген айып тагардан мурда диний экстремист ким экенин так аныктап алууга чакырды.


«Экстремист деген сөз кенен түшүнүктү камтыйт, бирок сиздер эмнеге эле аны динге чаптай бересиздер? Экстремист дегенди «чектен чыгуу» деп түшүнсөк, өлкөдө намаз окубаган, динге, Кудайга ишенбеген да экстремисттер бар десек болот да? А силер бир пост жазып койгон журналистти экстремист деп жатасыңар. Руслан Бекназаров кичи ажылыкка барган, беш убакыт намаз окуган бала, аны да диний экстремист деп камап атасыңар. Бул уят да. Кыргызстандын жарымын диний экстремист кылып таштайсыңарбы? Бул эмне деген күрөш?


Урматтуу ИИМ, силер биринчи диний экстремист дегенде так диагноз кое турган эксперттерди тапкыла. Кимден сурайсыңар, ыраматылык Чубак ажыдан сурайлы десек, бул дүйнөдөн өтүп кетти. Адамдын тагдыры менен ойношпогула. Элди ыймандуулукка, тарбияга үндөгөндөрдү да кармайсыңарбы анда. Адамга айып коердо биринчи далилдөө керек» , — деди Атазов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн