Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шайлообек Атазов: Профсоюздар биримдиги өлкөдөгү бир катар мекемелерди сатып жиберген

25.01.2023 11:33
322
Шайлообек Атазов: Профсоюздар биримдиги өлкөдөгү бир катар мекемелерди сатып жиберген

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кесиптик бирликтердин, прокуратура органдарынын жана бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө токтолду.


Алгач кесиптик бирликтердин 700 миңден ашык мүчөсү бар экенин айткан эл өкүлү: “Алар алган айлыгынын акча которот. Бирок жалпы канча каражат түшөөрүн айтышпайт. 30 жылдан бери кыркка жакын гана жетекчи башкарып, алардын алды сексенге чыгып калган экен. Дагы бир маселе ири мекемелерди арзан баада сатууну адатка айлантышкан. Алсак, Ысык-Көлдөгү “Улан” балдар лагерин 6 гектар жери менен 945 миң сомго, Ош облусундагы “Абшыр-Ата” туристтик базасын жери менен 1 млн сомго гана сатышкан” – деди.


Депутаттык комиссия кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды одоно бузган учурларга күбөл болушканын кошумчалаган Шайлообек Атазов андыктан аталган маселени тыкыр иликтөө керектигин белгиледи.


Андан тышкары, прокуратура органдарынын ишинде да кемчиликтер көп экенин айткан депутат Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен айрым мыйзам бузуулар кайра калыбына келтирилгенин билдирди.


Муну менен катар бажы тармагы да былтыр бекитилген планды 24 млн сомго аз аткарганын эске салып, айрым адамдардын ишмердүүлүгүн иликтөөгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн