Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 4-январда Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округунан кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлердин саны 14кө жетти.
Эскерте кетсек, Шайлообек Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Төлөйкөн шайлоо округунан депутаттыкка коюп, Нурбек Алимбековго жеңилип калды.
Пикирлер (2)