Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Эмгек, социалдык саясат жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин жыйынга келбегенин сынга алды.
Шайлообек Атазов министрди "ак кол" деп атады.
"Социалдык тармактарда миграция маселесин чечүү боюнча канча сунуштар айтылып жатат.
Пенсия жана жөлөк пул боюнча канчалаган маселелер турат. Ал биздин министр кабинетинен чыкпайт, ал "шаардык ак кол" ",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн