Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шайлоочулар жана НДПК партиясынын талапкерлери БШКга арыз жазышты (ФОТО)

21.04.2021 19:13
988
Шайлоочулар жана НДПК партиясынын талапкерлери БШКга арыз жазышты (ФОТО)


Шайлоочулар жана НДПК партиясынын талапкерлери БШКга Бишкек АШКнын саясий партияны шайлоодон четтетүү чечимине каршы арыз жазышты.


Алардын айтымында, бул жарлык мыйзамсыз жана 11-апрелдеги шайлоодо саясий партияга добуш бергендердин кызыкчылыгына шек келтирет.


Арыз берүүчүлөр Борбордук шайлоо комиссиясынан принциптерге кармануусун жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын негизсиз чечимин четке кагуусун өтүнүшөт.


Белгилей кетсек, 19-апрелге караган түнү Бишкек АШКнын чечими менен НДПКны шайлоо күнү үгүт жүргүзгөндүгү, добуш сатып алуу жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузгандыгы үчүн шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынган. Партияга берилген добуштары бар бюллетендер жараксыз деп табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн