Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 01:31
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Шайлоодо добушун саткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды

27.12.2024 11:00
662
Шайлоодо добушун саткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды


Шайлоодо добушун саткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков даярдаган.


Анын негиздемесинде шайлоодогу мыйзам бузуу, айрыкча добуштарды сатуу демократияга коркунуч жаратып, жарандардын эркин тандоосун бурмалап жана шайлоо системасына ишенимди азайтат.


Бул көйгөйдү чечүү максатында Кылмыш-жаза кодексине 196-1-беренесин киргизүү сунушталууда. Анда төмөнкүлөр каралган:

- добуш берүү укугун акча, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр же башка жеңилдиктер үчүн саткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат;

эгерде жаран анын добушун сатып алуу аракети тууралуу тергөө башталганга чейин компетенттүү органдарга билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн