Кыргызстан боюнча 5-октябрь саат 11:00гө карата 98% шайлоо тилкесинин маалыматтары эсептелди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 жаран киргизилсе, алдын ала маалымат боюнча шайлоого 1 млн 990,7 миң жаран катышкан.
Алдын ала автоматтык шайлоо үкөктөрү эсептеген маалыматка ылайык:
«Биримдик» – 24,5%
«Мекеним Кыргызстан» – 23,88%
«Кыргызстан» – 8,76%
«Бүтүн Кыргызстан»– 7,13%
«Мекенчил» – 6,85%
«Республика» – 5,79%
«Ата Мекен» – 4,3%
«Ыйман Нуру» – 3,13%
«Бир Бол» - 3,3%
«Чоң казат» – 2,34%
«Замандаш» – 2,15%
Социал-демократтар – 2,13%
«Реформа» – 1,65%
«Мекен Ынтымагы» – 0,63%
«Ордо» – 0,22%
Афганчылар партиясы – 0,17%
Баарына каршы – 1,79%
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн