Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Шыкмаматов: Бийлик улам алмашып турат, Конституция ыйык бойдон калат

05.05.2020 18:10
986
Шыкмаматов: Бийлик улам алмашып турат, Конституция ыйык бойдон калат


Конституция - биздин мамлекетибиздин баш мыйзамы. Конституцияда мамлекеттик түзүлүштүн эң негизги эрежелери аныкталган, деп билдирди Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине кыргызстандыктарды куттуктап жатып.

Анын айтымында, колдонуудагы Баш мыйзам президенттик-парламенттик башкаруу системасын аныктап, парламентке кенен бийлик укуктарын берген. Демократиялык баалуулуктардын кепилдигин камсыз кылып, парламенттик азчылыктын саясий таасирин камсыздаган. 

Мындан ары бийлик бир колго топтолбогон эрежелер так аныкталган. Президент бир мөөнөткө гана шайлана алат. Конституция - эгемендиктин жана укуктук мамлекеттин кепилдиги. "Бектер кетип эл калат, бетеге кетип бел калат" дегендей бийлик улам жаңырып алмашып турат. Ал эми мамлекет, эгемендүүлүк, Конституция ыйык бойдон калат. Кыргызстандыктарды Конститция күнү менен куттуктайм”, - деп белгиледи экс-депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн