Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Дастан" ишканасынын мурдагы директору Алексей Ширшовдун үй камагына чыгышына нааразылыгын билдирди.
Жанар Акаев Алексей Ширшовдун өлкөгө кирип-чыкканы тууралуу маалыматты Чек ара кызматынан 28-апрелде сураган.
"Чек ара кызматы бизден маалыматты жашырып жатабы? Мен 28-апрелде Алексей Ширшовдун өлкөгө кирип-чыкканы тууралуу маалымат сураганмын.
Ширшовдун аты-жөнү коррупция менен синонимдеш. Ал электр энергия тармагында коррупциялык схема түзгөн адам. Аны жарым сутка кармап, кайра үй камагына чыгарып койду",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн