Белгилүү адамдардын арасында коронавирус илдетин жуктургандар жок. Бул тууралуу 28-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Министрдин орун басарына шоу-бизнес жана саясатчылардын арасында коронавирус илдетин жуктургандар барбы? деген суроо узатылып, ал мындай жооп берди.
“Белгилүү адамдардын арасында коронавирус илдетин жуктургандар жок. Бирок илдетти жуктургандар менен байланышта болгондор болду. Алардан анализдер алынып инфекция аныкталган жок”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн