Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Швейцария Кыргызстанга табигый тобокелдиктерди кыскартуу үчүн 9 млн доллар бөлөт

24.01.2023 16:20
187
Швейцария Кыргызстанга табигый тобокелдиктерди кыскартуу үчүн 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстанга табигый тобокелдиктерди кыскартуу үчүн 9 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 24-январда Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай 2023-2027-жылдарга карата өлкөлүк стратегиялык планына кошкон салымы жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кол коюуга катышып, аны ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана активдүү катышуу милдеттенмесин билдирди.


Анын алкагында Швейцариянын өкмөтү 9 миллиондон ашуун АКШ доллар бөлүүдө. Иш-чара Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырылат.


Иш-чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, 250 миң эң аярлуу үй-бүлөгө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү жана башка табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтөт.


Ошондой эле бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый тобокелдикке каршы пландоо боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн