Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

С.Раев: Дүйнөнүн табышмагы алардын көкүрөгүндө эбак орногондой сезимде жашаган

27.09.2021 12:42
15569
С.Раев: Дүйнөнүн табышмагы алардын көкүрөгүндө эбак орногондой сезимде жашаган


...качандыр бир кайра баштап жаралсак,

мен өзүңө келээр элем "Сүйөм!" деп...

Бу ааламдын сырын ачууга адам баласы эчен замандан бери өмүрүн сайып келет. Ал сырдын туңгуюк дүйнөсүндө жашап жатып ар бир жан ошол суроонун түйшүгүн тартып, ошол дүйнөнүн өзүнө түшүнүксүз чел кабыгын жарып чыккысы келет. Дүйнө татаал, ал биз ойлогондон да татаал экендиги алмустактан жаралган айныксыз чындык. Кээде түмөн түйшүк соболдорго чырмалабыз да, андан чыгалбай кыйналабыз, кыйналганыбыз бу коңултак жашоонун сырын билүүгө, анын учу-кыйырсыз чуубалжыган жандырмагына баш оорутабыз...

Канткен тейде да, жан бүткөндүн баары бу күйгүлтүк дүйнөнүн каңыргын түтөтүп, ошол арман менен, азап менен куралган ээн талаада, көз кыйыры жеткис саябанда сан колу жок аскер башчысындай, жолунан адашкан жолочудай, тентип кеткен дербиштей, миң жаңылып, миң туруп улуу чөлдө өмгөктөп калган пенде сымал кумдуу чөлдүн ар бир күкүмүн бирден санап отурган күйгүлтүк да, күйүт да, жашоо кызыгы да, жүрөгүбүздөн жаа огундай сызып өтөт.

"Акындар болбосо сүйүүнүн, жашоонун лаззатын, өмүрдүн улуулугу менен уюткусун, өлүм менен актыктын баркы менен, наркын билээр белек?", - деп байыркы суфист Девани Бурху айткан дейт. Анын жай албас жүрөгү бу жашоонун катмар-катмар теңсиздигине каршы чыгып, ал гана эмес Жараткандын адам баласын чындап сүйбөгөнүнө, сүйсө эмне аны өлбөс кылып жаратпады деп, ага каршы чыгып, улуу чөлдө жалгыз аягы менен туруп, Күнгө күйүп, ээн чөлдөгү кураган даракка айланган дейт...

Сулуунун чекиттей болгон калына бу дүйнөнүн не бир керемет шаарларын тартуу кылгандан ары тартпаган улуу хафиздер да, акылдан азып, сүйүү күлүнө айланып, дүйнө безген не бир ашыктык бозкүйлөрү, колуна чок кармап... Сүйүүсүн далилдемекке бу дүйнөнүн Ван Гогко окшогон сүйүү жиндилери да сезимди жашоонун кирди-чыктысынан, кир-когунан арылтып, тирүүлүктүн кунун баалабай, ал сезимдин ширеси менен уусуна чыланып, жашоо эрежесин бузуп, ээ-жаа бербеген сезим адамы катары келген чыгар окшобойбу... Дүйнөдө ырлар жаралды, дүйнөдө сүйүү жаралды, дүйнөдө арман жаралды, бул пенделик улуу стихиялардын чок ортосунда гүлдөн гүлдү тандаган аары мисал, акын жашаганын таң заар албай не бир мезгилдер, не бир күндөр, не бир кылымдар алмашты...

Дүйнөнүн башаты эмне?..

Бул суроого ар кимбиз ар башка жооп айтабыз. А, балким, анын башаты шамал чыгар, дүйнөнү, сезимди, көңүлдү, көөдөндү алып учкан... шамал чыгар. Аягы жок, учу жок, кайдан чыккан башы жок... Шамал бейм?.. Кайран гана Лир пааша, бу дүйнөдө байлыктан куру жалак калып, кыздарынан жолу болбой, бекеринен заарлап, арманы койнуна батпай шамалга чындыгын, көкүрөк дартын айткандыр... Дүйнө да шамалдан жаралган деп айрым футуристтер айтып келет.


Шамал - кыймыл, шамал - жаңы дем, шамал - дүйнөнүн көзүн ойготкон, кыймылга салган улуу күч. Сүйүү... Бул адам сезиминин туу чокусу тууралуу кеп кыларда баягы калпыс ойдун туйгуну, теңирден тескери ой салып, теңирден тескери жашап өткөн Оскар Уайльд эске келет. Ал айтып атпайбы, "Акындар сүйүүнү өлтүрдү, сүйүү жөнүндө жаза берип"...деп. Калпыс, акылга да, мээге да, туюмга да жатпаган ой түргөн бу атактуунун айтканы, ар качантан бир качан сөздүн артында сөз бар, ойдун артында ой бар деген ишаратты нускалап келет. Ал бир карганда келесоодой көрүнгөнү менен ошол келесоолуктун өзүндө бир угут, бир данек бар экендигин байкаганга да батынбайбыз. Оскар Уайльд күтүүсүз ойлордун эргулу, эркин ойдун чабандеси, сезимдердин хулиганы. Бирок, анын экстреваганттуу ойлору дайыма адамды таң калтырып келген. Сүйүүнүн жаназасын окуп болбойт, ал - түбөлүктүү сезим. Ак сөз. Сүйүү менен дүйнөнүн түркүгү кармалып турат...

Аалам куралганбы жалаң сөздөн,

Жалаң төш, сезим кайнак,

Муз эриткен.

Сөздөрү сере дүйнө,

Өчпөс башат,

Дилинде Кудай кубат,

Күн Тамгасы.

Жүрөгү,

Жуурулушкан,

Аалам башат,

Канында,

тамыр тарам,

Ой жарышат,

Периште илебине,

Конуп алган.

Акындын сөздөрүндө,

Кудай жашайт,-деп белгисиз сары ооз акын жазгандай, а ыктымаал, акындын сөздөрүндө Кудай жашап, Жараткандын сөзү акындын тили менен, дили менен айтылып келгендир. Кантсе да, Ыйык Сөз да поэзия тили менен жазылганы чындык эмей эмне?..

Чексиздикке өз бийлигин тараткан

ченейм күчтү, баш айланып санактан.

Тартылуунун мыйзамына таңданам

дөңгөлөтүп Жерди.. сүйрөп бараткан.

Кезинде бу саптарды акын Жолон Мамытов жазып калтырган эле. Дүйнөнүн парадоксун акын кантип туйду экен?..

Интиуитив... бу акындын өзгөчө сыр дүйнөсү. Ушул касиет Жолон акындын ырларында дамамат сызылып келет. Ал дүйнөнүн сыры менен, ааламдын кеңдиги менен баарлашып, туюк ойдун тутумунан арбалып, акындык сезими менен кыйсыпыр дүйнөнүн шилбисин кармап, аны жандүйнөсү аркылуу электен өткөрүп, сезим дүйнөсү менен кабылдаганын ар бир сабын, ырын, оюн окуганда туюп келебиз...

Жолон Мамытов уникалдуу акын. Анын уникалдуулугу эмнеде?.. Акындын бүткүл ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирген адам, эң оболу сезимдин чаңкоосун, сезимдин улуулугун жана сулуулугун, бу адам жашоосунун Улуу империясы тек гана сезимдин гүл таажысын башына кийип, дүйнө түгөл ушул адамдык тирүүлүк да анын ыргагы, анын темпритми, анын сезимталдыгы, анын жан-дилин алып учкан... укмуш бир байкалган да бир эсе байкалбаган атмосферасында жашап келгендей туюлат. Адам дүйнөсүнө жан салуу акындын гана энчине буйругандай ... бу дүйнө.

Акындан артык эч ким, мейли сүрөтчү, мейли кара сөзчү сөз зергери болобу, баары биригип поэзиядан бул касиет өзгөчөлүгүн талашалбайт... Акындар Жараткандын көңүлүндөгү, оюндагы, ниетиндеги, көкшүн сууткан асыл ойду алып жүрөбү деген ой санаа ар дайым канаташ жүргөндөй сезилет. Бул тек гана акын Жолонго айтылган энчи сөз эмес, жалпы акын өнөрүнө, ир алды чыныгы акындарга, нукура таланттарга айтылган кеп гой. Айтылуу Хафиздер, Европа, Америка, түгөл койчу бардык акындар көркөм сөздүн жаралышынан тартып ушул ойду чындыкка айлантып келет...

Акындар дүйнөнү өзгөртүү кудеретине ээ. Бул алардын рух күчү. Уолт Уитмендин бир сабына "Дүйнө татыбайт" деп оозанган Пабло Пикассо да, ашкере атактуулар да, поэзиянын алейне күчүн, алоо күндүн нурундай, акжаркын айдын шооласындай, булуттун түнөргөнүндөй, шамалдын доолу кыялындай, суунун шылдыры, таңкы желдей, куюндун бийиндей, булбулдун таңкы обонундай, жашоонун не бир кереметин баалап, ага бекеринен таң беришпесе керек эле.

Поэзия Адам жашоосунун Одасы... Ушул ой тутум алкагынан туруп, кайрдан Жолон акындын поэзиясы тууралуу ойго серпилебиз. Чындыгында эле, мезгил биздин акын Жолондун ырлары тууралуу, өзү тууралуу ойлорубузга канат бүтүп, ойго ой кошуп, чулу тереңдикке алып жөнөйт. Акын мезгил өткөн сайын тереңдикке умтулат, бийиктикке серпилет, кеңдикке талпынат, тар дүйнөгө жайылат. А, балким бу биздин гана жеке оюбуз чыгар, ырасында деле акынды идеалдаштыруу ниетибиз жок, тескерисинче, анын ырларына кайрылган сайын жаңы дүйнөнү, жаңы тунук ойду, татаалдык менен, асылдыкты, терең нускалуу философияны тапкандай абалда калабыз. Жолон акын ырларында өзү жөнүндө, өзү аркылуу адам жөнүндө, адам аркылуу Аалам жөнүндө айткан экен, ар кимбиздин сыр чөйчөгүбүздү көрүп тургандай айткан экен...

Акындын доору өткөн кылым ситемасында жашаса да, ал Турар сыяктуу эле, Омор сыяктуу эле, Табылды сыяктуу эле, Тургунбай сыяктуу эле өзүн инсан катары саясаттын күзгүсүнөн карабады, дээрлик ырлары адамдык ички туюмдун, дүйнөнүн, адам мүнөзүнүн табиятын ачыктап, ал адамдык сезимдин өзгөчө императивин жараткан акын экени азыр айдан ачык жайылып олтуру.

Акындын "Издейм сени" бу - сүйүүнүн Гимни. Акын сүйүүдөн улуулукту, адамдык сезимдин сулуулугун издеди. Ар кимбиз аны албызча, түшүнүгүбүзчө издейбиз. Сүйүүнүн ачкычы, чыныгы сүйүүнү бу ааламдан издей билгенде окшобойбу. Жолон акын бу ырында өзү үчүн, биз үчүн, пенде үчүн сүйүүнүн улуулугун издеди, дүйнө кести, азап тартты, армандын отуна күйдү... Сүйүүнүн бизге белгисиз материгин ачты...

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,

Сезимтал махабатка болуп даба.

Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,

Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!

Бу ааламдын бийик символу жылдыз да сүйгөн жандын алдында бир жалтырак нерсеге айланганы, жылдыз көзүнө жылдыз көрүнбөй сүйгөн жандын алдында эчтекеге татыбай олтурбайбы. Бу аалам сырларын акын гана жокко чыгара алат... Акындар сезим бунтарлары, жандүйнө ыңкылапчылары, сезимдин мыйзамчылары.

Туйбайсың сен турпатымдан күмөндөп.

калаар болсом сезимдери үнөмдөп:

качандыр бир кайра баштап жаралсак,

мен өзүңө келээр элем "Сүйөм!" деп...


Жолон Мамытовдун поэзиясы - экспрессиячыл, ашкере метафорага суугарылган адабий кубулуштун поэзиясы.

"Ашуу болсоң Долондой бол,Акын болсоң Жолондой бол",- деген элдик сөздү уккан жайыбыз бар. Бул тек гана уйкаштыкка ык салып айтылган саптар эмес, арийне Долондон алда канча бийик ашуулар бар, бирок адам күн сайын басып өткөн Долондой бийиктик жок чыгар. Болсо да чанда. Жолонду адамдык бийиктиктин ашуусуна салыштырып айтылган бу саптарда символика камтылган. Ал бийиктик акындын ички сезим бийктигинде, сезимдин акын жүрөгүндөгү салтанатында. Жолон акын сөздүн чыныгы маанисинде, кыргыз көкүрөгүнүн рухий салтанаты. Ар бир сабы чулу ойго, идиомага айланган, ал да бекеринен эмес чыгар окшобойбу.

Жолон акынды билгендер, анын акындык жашоо мыйзамын эки нукка бөлүп карайт болуу керек. ( Бул тек гана биздин аңдоо. Эч кимге таңылообуз жок.) Акындын эки дүйнөсү бар эле: биринчиси, сюреалдуу - бу ааламда акын Жолон жашады, экинчиси реалдуу дүйнө, бу ааламда инсан Жолон жашады. Муну айтып жаткан жүйөөбүз, ырларында от болуп күйсө, адамдыгында чырак болуп жанды. Акын эң оболу дүйнө тең салмактуулугундай, адамдыкты да, акындыкты да рух балансы катары карап келген. Адам болбой акын боло албайт, же тескерисинче, акын боло албай Адам боло албайт. Бу симбиоз анын бүткүл жан түпкүрүн бириктирип турат.

Бул мааниден алып карганда Жолон акын бу түшүнүктүн кош канаты, кош данеги, кош кареги, кош тамыры эле. Ал томуктай жүрөгүнө Ааламды батырды... акындык жашоосунда дүйнөнү жүрөгү менен көрдү.

Аалам кезип, айланычтуу жол менен

кайра баштап мен жашоого жолугам...

Акындар гана бу эки дүйнө мейкиндигинин рамкасынан чыгып, бу жашоонунун горизонтуна да, вертикалына да баш ийбей, мезгилдик түшүнүктү чексиздикке айлантып, ушул макродүйнөдө жан дүйнөнүн таразасы менен жашаганга укук алган ажайып бир сюреалдуу шартта жашайт. Уолтт Уитмен да, Мигель де Унамуно да, Робёрт Бернс да ырдын, поэзиянын философиясы менен уникалдуу мейкиндикти жаратып, ички акындык чыңалуунун күчү менен ааламдын алкагын билбей, ээ-жаасыз эмоция менен ички сезимдин вулканын сыртка жанар оттой атрылтып чыкса, ошол эле учурда назик сезимдин симфониясын, терең ойдун тутумунда ааламды чеңгелдеп турган өзгөчө бир кубулушту, өзгөчө бир кыялый бурулушту аспейиттеп келген.

Акын гана өзүнүн рух күчүн жашоонун эки алкагында, башкача айтканда бу жалганда, түбөлүк актын алкагында көрө билген, качандыр бир дүйнөлүк циклдин шары менен өзүнө - өзү бетме-бет келип, жолугушар күндү да жокко чыгарган эмес.

Дүйнөнүн табышмагы, алардын көкүрөгүндө эбак орногондой сезимде жашаган. Жолон акын да ушул сезимдин мыйзамы, заң-закүнү менен, ушул дүйнө кабылдоо менен дүйнөтанымдын "алкагында" жашаган.

***

Кыжынып эртең деймин, эртең деймин,

эртеңдер чексиз келе берүүчүдөй...

***

Дүңгүрөп өз өмүрүн кылым жашап,

дүңгүрөп өтөөрлүгүн кайдан билдик...

***

Күрөш барда, күч барда жер үстүндө

Мүмкүн эмес бул жашоо тыйылууга!

Жолон акын - адамдык сезимдин апогейи. Сүйүү - адам сезиминин эң башкы конгломераты. Кыргыз поэзиясында сүйүү ар бир акындын өзгөчө бир рух жашоосуна, ыйман түшүнүгүнө айланган. Алыкул да, Омор да, Турар да, Сагын да, ал гана эмес соңку кездеги Шайлообек баш, Акбар төш болгон, Карбалас, Марк-Абай, Алик, Өмүрбек, Атантай, Кожогелди, Фатима, Кыялбек, Жедигер, Бактыгүл, Барчынбек, эки Бурулкан ( Карагулу да, Сарыгулу да ),Нурлан, Зайырбек, Жыргалбек, Динара, Бердибек сындуу акындар бул сезимдин өзүнө таандык микродүйнөсүн жаратты.

Бу тейден алып карганада акын Жолондун сезим поэзиясында адамдык ички жандүйнөнүн Урааны катары... анын саптарынын экстра эмоцияналдуулук, ошол эле учурда уюган тереңдиги, жашоонун көп кырдуулугу менен, турмуш анатомиясы көрүнүп турат. Бекеринен "Сүйсөң, Жолондой сүй!" деген ылакап кеп бекеринен айтылбаса керек эле, бу да акындык феномендин ички сыры, жандүйнөнүн өзгөчө алгоритми, темпраменти.

Бу мааниден алып карганда, атактуу обончулар менен Ырыспайдын, Асанкалыйдын кезегинде айткандары бар. "Поэзия өзү музыка, обончу анын кайргын гана сезе билиши керек" деп. Жолон акынды ырларынын түп түйүлдүгүндө адамга билине бербеген кайрыгы, обону, кыраты бар. Бул да күчтүү поэзиянын бирден-бир касиети.

Издейм сени арасынан элдердин,

Эң бир кооз, гүлзарынан жерлердин.

Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,

Мен ааламга, мен ааламга.

Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,

Эң бир кооз, гүлзарынан жерлердин.

Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,

Мен ааламга, мен ааламга.

Дайым сен деп, дайым сен деп,

Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?

Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.

Кышта калган жалбырактын өңүндөй,

Ажарыңдан, ажарыңдан азууда ден соолугум.

***

Алоолонуп күйгөн от көрсөм,

Алоолонуп кетет жүрөгүм.

***

Кезигип жылдардын бир жылдарында,

Кыйырсыз айлардын бир айларында.

Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды

Жер чийген чачтарыңа байладың да...

Сүйүү... Ашыктык... Сезим... Арман... Куса... Бакыт... Бу концепт акындын поэзиясындагы адамдык сезимдин гана эмес, адамды сүйүүнүн улуу гуманисттик ойлору. Бу сезимсиз адам жашоосун элестетүү, деги эле адам жашоосу болбогондой эле бу сезимдерсиз акындын өзү да жокко эсе. Бул дүйнө кабылдоо анын адамдык миссиясынын бу өмүрдөгү рух мамилеси, позициясы, эстетикасы болгон деп айтаар элек. Бул уюткулуу ойлордун параллелинде ал жашган, ошол эле учурда акындыгы да ушул адамдын бермет сезимдеринен поэзиянын өлбөстүк үрөнүн алган...

Жолон акын адамга болгон сезими менен бу дүйнөнүн карма-каршылыгына руханий протестин билидирип келген, бу дүйнөнүн апогейи Адам жана Адамдын жандүйнөсүнөн өткөн эч бир баалуулук да, дөөлөт да жок деген формула менен жашады. Анын формуласы - түбөлүктүүлүктүн мыйзамына негизделген.

Учурунда грузин жазуучусу Нодар Думбадзе жазгандай "Түбөлүктүүлүктүн мыйзамы - адам жандүйнөсү, анткени, адам денесинен да эки эсе оор жүктүү көтөрүп жүрөт... Ал алда канча оор, аны көтөрүп жүрүү бир адамдын колунан келбейт. Биз, адамдар,бу тирүүлүктө ошол жүктүү көтөрүүдө бири-бирибизге жардам берип отуруп гана, адам жашоосун өлбөстүккө айлантабыз"...

Бу адамды сүйүүнүн концепти Жолон акынды поэзиясында башкы атуулдук жанураан болду. Акын өзүнүн бүткүл өмүрүндө, өкүнүчтүсү, ашкере кыска өмүрүндө ушул жанураандын факелин жандырып, караңгынын пардасын сыйрыды, жүрөгү менен нур болуп төгүлдү, адамга болгон сүйүүсү менен ыр болуп жаңырды, обон болуп тытылды...

Адамды сүйгөн адам гана кайра баштан тирилип жүрөктөргө келет. Ал - чыныгы сүйүүнүн өлбөстүгүнүн айныксыз да, кашкайган да түбөлүктүү чындыгы. Жолон акын биздин арабызда жүрөт, анткени, анын ырлары жүрөктүн кан тамырында, көкүрөктүн жарыгында, жашообузга жантүгөй...

Адамда беш сезим жашайт деп айтылып келет. Ал Жолон акынга таандык айтылган сөз. Бирок, ал алтынчы сезим, азыркылар айткандай - байлык сезими менен түк ооруган жок. Бу дүйнөдө, ал бир гана адамдын рух дүйнөсүн агарткан, көкүрөктүн адал сезими менен жашап өттү. Анын байлыгы ушунда.

Жолон акын быйыл 80 жашка чыкмак. Бу жаш - акындын өмүр жашы менен өлчөнбөйт, анын бир гана чен-өлчөмү бар, ал - Түбөлүктүүлүк!

Султан Раев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн