Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садык Шер-Нияз Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу: Чыгармачыл кишинин жүрөгү гүл сыяктуу назик болот

06.05.2022 05:57
4610
Садык Шер-Нияз Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу: Чыгармачыл кишинин жүрөгү гүл сыяктуу назик болот


Чыгармачыл кишинин жүрөгү гүл сыяктуу назик болот. Аны таарынтып алыш бир заматта эле. 


Чыгармачыл кишининин кыялы добул урган бороондой. Ошону үчүн чыгарма жарата алат.


Жылжытма инсан чыгармачыл болуп деле жыргатпайт. 


Элирмеси келгенде эки тоонун башын бир аттай алган киши, эсте каларлык туунду калтырат. 


Биз (өзүм да алардын арасындамын) эпкиндегенде эч нерсе көзгө илинбей калышы мүмкүн. Түшүнгөндөр “ал эми чыгармачыл киши да” деп айтып калат. 


Эң негизгиси эйфорияга батып турганда чоң катачылык: кээ бирөөлөр эл журтуна, кыргызга кесир сөздөрү айтылып кетет. Эгер анчалык катуу кетпесе түшүнө билели, аздектей билели. Ошонун бирөөсү Дөөлөт Сыдыков. Мейли бийликке сын айтсын, негизи ал сын айтылып турганы да жакшы, бийлик андан жаман болбос, жакшы жагы көп болоор. Мейли убактылуу чыгып кетсин. Айланып кайта келээр. Негизи Манасын кошо алып жүрсө, кыргызды алып жүргөнү ошол  да. Алынып берилип ар жээке урулса андан да өзүнө пайда табат. Ал дагы кыргыздын улуу инсаны. 


Бийликке сын айтты деп жек көрүндү кылбайлы. 


Жеке чечимин “кысмак болду” (чыныгы кысмак кандай болоору башыман өткөн) деп саясат жасабайлы. 


Анын жүрөгу “Кыргыз!”, “Манас!” деп согооруна ишенем.


Арыбасын, бар болсун.


Садык Шер-Нияз, Кыргызстандын Франциядагы элчиси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн