Президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” жогорку окуу жайлардын өзгөчөлөнгөн студенттерине президенттик стипендияны тапшырды.
Мамлекет башчысынын колунан стипендияны өлкө боюнча 90 студент алды.
Сыйлыкка татыган ар бир студентке президенттин мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди.
“Биз сиздердин жетишкендиктериңиздерге кубанычтабыз, ийгиликтериңиздерди жана терең билим алууга жасаган аракеттериңиздерди жогору баалайбыз жана сыймыктанабыз. Сиздердин билимиңиздер жана бул дем берүүлөр биздин өлкөнүн келечеги үчүн жакшы инвестиция экенине ишенебиз. Мен сиздердей болгон билимдүү, жаш патриоттордон көптү күтөм”, - деди Садыр Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн