Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Садыр Жапаров АӨБнын башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушту

19.09.2023 09:16
194
Садыр Жапаров АӨБнын башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушту.

Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Азия өнүктүрүү банк – Кыргызстандын көп жылдардан бери өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттары боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткан ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Президент АӨБ менен көп тармакта динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташууга канааттануусун билдирип, бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкы расмий финансылык жардам көрсөтүү көлөмү жагынан эң ири тышкы донор болуп саналарын белгиледи.

Ошону менен бирге ал банкты "Камбар-Ата-1" ГЭСин жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун, транспорттук инфраструктура жана энергетика чөйрөсүндө келечектүү эки ири "жашыл" долбоорду каржылоого чакырды.

АӨБдүн мындай долбоорлордогу чоң тажрыйбасын, ошондой эле курулуштун масштабын эске алуу менен Президент Садыр Жапаров банкка масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде АӨБдүн Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум Кыргызстан банк үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, уюмдун масштабдуу стратегиялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Ал өткөн жылдагы Кыргызстандын жакшы экономикалык көрсөткүчтөрүнө басым жасап, 7% га өскөндүгүн белгилеп, ошондой эле стратегиялык маанидеги ири долбоорлорго өтүүнүн маанилүүлүгүн жана уюмдун аларга катышууга даярдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн