Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун демилгесине каршы чыкты

13.08.2021 10:37
1514
Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун демилгесине каршы чыкты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.


Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.


Ал азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.


Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн