Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Акин Токталиевди эмне үчүн кызматтан алганын айтты

13.02.2021 19:22
1357
Садыр Жапаров Акин Токталиевди эмне үчүн кызматтан алганын айтты

Садыр Жапаров Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиевди эмне үчүн кызматтан алганы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу президент "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде айтып берди.


"Акин Токталиев мага адвокат болуп жүргөнү чындык. Аксакал киши. Сыйлайм. Ал кишини дин чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да жактоочусу болуп жүргөн адам катары жакшы билчүмүн. Ошол үчүн Октябрь окуяларынан кийин Дин комиссиясынын башчысы кылып дайындаган элем. "Молдолорду ынтымакка чакырыңыз, жарандарыбызды туура жолго чакырып, радикалдуу динди кармануудан алыс болууга чакырышсын" деген тапшырманы койдум. Тилекке каршы, үчкө бөлүнүп жүргөн дин чөйрөсүн бириктиргендин ордуна бир жагына кошулуп алып, ушундай ыр-чырдын жаралуусуна түрткү болуп кетти. Ошол үчүн кызматтан алып, жаш, энергиялуу, дин чөйрөсүн жакшы түшүнгөн адисти койдум. Мамлекеттин иши жылбай, молдолордун арасында чатак күчөп турса, менин адвокатым эле деп кармап олтура берсем кандай болот? Мамлекеттик кызматта менин адвокатым, менин досум, тууганым деген принцип болбош керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюп койгон экен Атамбаев. Бирок Кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар",- дейт президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн